Ысык-Көлдүн тургуну 15 кг марихуна менен кармалды — видео

Ысык-Көлдүн тургуну 15 кг марихуна менен кармалды — видео

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери 57 жаштагы жергиликтүү тургундан 15 килограммдан ашык марихуана баӊги затын алышты. Бул тууралуу облустук милициясы билдирди. 

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн баӊги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине ыкчам маалымат түшүп, анда райондун айылдарынын тургунунун бири, үйүндө ири өлчөмдө мыйзамсыз баӊги затын сактап жүргөндүгү маалымдалган болчу.

Атадган маалымат райондук милициянын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш жазык кодексинин 283 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында, маалыматта көрсөтүлгөн жарандын өздүгүн жана жашаган жерин аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери кылмышка шектүү жарандын өздүгүн аныктоого үлгүрө алышкан. Ал, Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын 57 жаштагы тургуну И.З. болуп чыкты.

Жакында милиция кызматкерлери тарабынан шектүү жарандын үйүндө санкцияланган тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда, сарайдын ичинен капка салынган жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүк заты табылып алынган. Алынган далил заттын салмагын алгачкы таразага тартуу учурунда, анын салмагы 15 килограммдан ашык болуп чыкты.

Соттук-химиялык экспертизанын корунтундусу боюнча алынган далил зат – марихуана баӊги заты болуп чыкты.

Райондук соттун чечими менен шектүү жаранга карата үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>