Улуттук олимпиада комитети спортчулардан турган комиссия түздү. Тизме

Улуттук олимпиада комитети спортчулардан турган комиссия түздү. Тизме

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети спортчулардан турган комиссия түздү. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

УОКтун президенти Садыр Мамытов спортчулар комиссиясы комитеттин жаңы органы экенин баса белгиледи. Анын сырткы көрүнүшү, биринчи кезекте, УОКтун азыркы жетекчилигинин башынан эле алган багыты – ачыктыкка, айкындуулукка, эффективдүүлүккө, жергиликтүү жана эл аралык спорт федерациялары менен байланышты чыңдоого байланыштуу.

«Жаңы комиссия түзүү менен биз федерациялар менен болгон мамилебиз дагы тыгыз болушун, биздин идеяларыбыз жана пландарыбыз аларга түшүнүктүү болушун каалайбыз. Ал эми федерациялар өздөрү демилгени мүмкүн болушунча тез-тез көтөрүп, биргелешкен аракеттер менен спортубузга кандай жардам берсек болот деген сунуштарды айтышы керек. Башкача айтканда, комиссия мүчөлөрү УОК менен федерациялардын ортосундагы байланыштыруучу звено болуп, тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болушат», — дейт Садыр Мамытов.

УОКтун жыйынынын жыйынтыгында спортчулар комиссиясынын курамына беш адам шайланды: Акжол Махмудов (күрөш), Каныкей Кубанычбекова (ок атуу), Максим Гордеев (тоо лыжасы), Денис Петрашов (сууда сүзүү) жана Нурсултан Кеңешбеков (жеңил атлетика).

Комиссиянын биринчи отурумун июнь айында өткөрүү пландалууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>