Бишкекте UmutDoc фестивалы өтүүдө: 30дан ашык тасма жана чеберчилик сабактарыЭгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналып, республикалык айтыш болуп өттүБишкекте жеке үйлөр орточо 17,45 млн сом турат — Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикКыргызстанда алгачкы жолу 20 жана 50 сомдук банкноттор өлкө ичинде басылып чыктыБишкекте 8 ай ичинде батирлерди сатуу дээрлик 12%га өстүОш шаарында абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция ишке кирди
Корея Бишкектеги аз камсыз 206 үй-бүлөгө жардам көрсөттү
27.05.2022 | 11:57
Ленин районунун муниципалдык администрациясы тарабынан KOICA (Корея эл аралык кызматташтык агенттиги) өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн гуманитардык жардам берүү уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чара Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаевдин, KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Джонгсунун катышуусунда өттү.
Район башчысы Ли Джонгсу мырзага гуманитардык жардам жана райондун калкынын социалдык жактан аялуу катмарына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, муниципалдык администрациясынын ыраазычылык катын тапшырды.
Жалпысынан 268 азык-түлүк баштыгы 206 үй-бүлөгө таратылып, көмөк 773 адамга, анын ичинде балдарга көрсөтүлдү.


Рубрики: Жаңылыктар, Коом