Унаа кулап кеткен: Ысык-Көлдө испаниялык жубайлар куткарылды

27.06.2022 | 16:13

Ысык-Көл облусунда унаасы оодарылып кеткен чет элдик жубайлар куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Суу районунун Шахта-Жыргалаң айылына караштуу мейманканалардын биринен маалымат түшүп, анда чет өлкөлүк эки жаран куткаруу кызматына муктаж экендиги айтылган.

“Жол кырсыгына кабылган жарандарды куткаруу үчүн 7-Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан тартылган 8 куткаруучу тарабынан Испаниядан келген 36 жаштагы жубайларга жардам көрсөтүлүп, автоунаа тартып чыгарып берилди.Жабыркагандар жок”, – деп айтылат маалыматта.

[image_carousel source=”media: 141437,141438,141439″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Scroll to Top