“Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкери пара менен кармалды

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкери пара менен кармалды

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору жана ортомчу кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, 26-апрелде пара алып жаткан жеринен КР ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын кызматкери жана ортомчу кармалды.

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору А.М.И. ортомчу Б.Ш.Ж. аркылуу Жалал-Абад шаарынын тургунунан айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн экзаменди тапшыруу маселесин оң жагына чечип берүү үчүн коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында КР ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору А.М.И. жана ортомчусу Б.Ш.Ж. пара алып жаткан жеринен колго түштү.

Аталган жарандар Сузак райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>