Унаа жанчылып калган. Нарында жол кырсыктан эки киши мерт кетти — сүрөт

Унаа жанчылып калган. Нарында жол кырсыктан эки киши мерт кетти — сүрөт

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, жол кырсыгы 6-декабрь күнү саат 00:22 чамасында Нарын облусунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айылына жакын жерде болгон. Айдоочу рулду башкара албай калып, BMW үлгүсүндөгү унаа даракты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен бир эркек жана бир аял каза болгон.

Куткаруучулар жансыз денелерди унаадан чыгарууга жардам берип, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Окуя болгон жерде куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана тез жардам кызматы иштеген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>