Унаада кыз зордуктоого аракет кылды делген жаран үй камагына чыкты   

Унаада кыз зордуктоого аракет кылды делген жаран үй камагына чыкты   

Бишкекте кыз зордуктоого аракет кылды деп шектелип жаткан Жаратылыш ресурстар министрлигинин мурдагы кызматкери үй камагына чыкты. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, шектүү Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылып, туруктуу жашаган жерин, тергөө менен кызматташып жатканын көрсөткөн. Сот материалдарды карап чыгып,  үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Буга чейин социалдык тармактарда Токтогул-Ибрагимов көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган жол тандабастын арткы орундугунда эркек менен кыздын урушуп жатканы тартылган видео тараган.  Ошол эле күнү, 15-июнда 27 жаштагы кыз таанышын күч колдонуп зордуктоого аракет кылган деп айыптап, милицияга кайрылган.

Маалым болгондой, шектүү мурда Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде бөлүм башчы болуп иштеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>