Унаадан 1,7 млн сом салынган капчыкты уурдаган адам кармалды

Унаадан 1,7 млн сом салынган капчыкты уурдаган адам кармалды

Аламүдүн районунда унаадан ири суммадагы акча уурдоого шектүү жаран кармалганын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-ноябрда эркек адам милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү кечки саат 6лар чамасында белгисиз адамдар Лебединовка айылындагы үйүнүн жанына токтоп турган “Лексус GS 350” үлгүсүндөгү унаасынын терезесин сындырып, капчыгын уурдап кетишкен. Анда 1 миллион 680 миң сом, техникалык паспорт жана айдоочулук күбөлүк болгон.

Аталган факты Аламүдүн РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, жакында эле абактан чыккан 1991-жылы туулган А.А., аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармоо учурунда андан уурдалган акчалар алынып, буюм далил катары табылып, жабырлануучуга кайтарылып берилген.

Учурда кармалган жарандын Чүй облусунун аймагындагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>