Алайда энергетика жана логистика тармагындагы 430 млн долларлык долбоор башталдыДепутат тез бузулуучу айыл чарба продукциялары үчүн чек ара өткөрмө бекеттеринде «жашыл коридор» түзүүнү сурандыФАОнун эл аралык эксперттери Кыргызстандын балык тармагынын дараметин баалашуудаЭртеңден баштап Бишкекте электросамокаттардын ылдамдыгы 15 км/саатка чейин чектелетИлбирс, сүлөөсүн, бугу: «Чоң-Кемин» жаратылыш паркындагы жаныбарлардын сүрөтү жарыяландыӨзбекстан менен чек арадагы үч өткөрүү пункту күнү-түнү иштөө режимине өттү
Унаадан жок же акчадан жок. Бишкекте тургун 15 миң долларлык унаасынан кол жууган
29.11.2024 | 09:34
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, быйыл февралда шаар тургуну (М.С.) чала тааныш адамга Kia K5 унаасын 15 миң долларга саткан. Унааны алган киши акчаны 1,5 айда берем деп, бирок аны башка бирөөлөргө сатып жиберген. Алданган жаран милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 38 жаштагы жаран (М.Б.) кармалган.