Нарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды21-октябрдан тарта Бишкектин «Ак-Жар» конушунан № 31 автобус каттай баштайт
Видео: Унаанын үстүндө келе жаткан жүргүнчү. Айдоочу айыпка жыгылды
06.12.2022 | 15:08
Жүргүнчүнү унаасынын үстүнө чыгарып алып, унаа айдаган Honda Stepwgn’дун айдоочусуна айып пул салынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Милициянын жол кайгуул кызматынан билдиришти.
Аталган окуянын видеосу ноябрь айынын башында социалдык тармактарда тараган. Видеодон жыгач жүктөлгөн Honda Stepwgn’дун үстүндө жүргүнчү жатып келе жатканын көрүүгө болот.
Милициянын кайгуул кызматкерлери айдоочу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
“Окуя Бишкек шаарында болуп, видео блогерлердин баракчасына чыккан. Кечээ, 5-декабрда кайгуул кызматкерлери Honda Stepwgn унаасын таап, унаа айып аянтчасына токтотулду. Айдоочуга 7,5 миң сом айыппул салынды”, – деп билдиришти кайгуул кызматынан.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом