Унааңызды башаламан токтотпоңуз. Бишкекте рейд уланууда

Унааңызды башаламан токтотпоңуз. Бишкекте рейд уланууда

Бишкек шаарында тыгындарды жоюу максатында рейд уюштурулууда, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, тыгындын себептеринин бири унаалардын туура эмес токтотулушу болуп саналат.

«Рейдге борбор калаадагы ЖКККББнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн өкүлдөрү жана жарандык активисттер катышууда. Күнүгө 8 эвакуатор чыгат, 50дөн ашык унаа убактылуу унаа токтотуучу жайга киргизилет. Бүгүн рейд «Дордой» базарынын жанында жүрүп, анда бардык стихиялуу унаа токтотуучу жайлар жоюлду», — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилешкендей, алынган унаалардын ээлери эвакуатордун кызматына 1250 сом, унаа токтотуучу жайга 100 сом, административдик айыпка 1000 сом төлөшү керек.

Мэрия шаар тургундарынан унааларды уруксат берилбеген жайларга токтотпоону суранат жана мындай учурда айып пул салынарын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>