Баткендик 24 жаштагы Нурсултанга майып арабасы тапшырылды 

Баткендик 24 жаштагы Нурсултанга майып арабасы тапшырылды 

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен шаарынын тургуну 24 жаштагы Нурсултан Жолдошбек уулунан кабар алды. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Нурсултан биринчи топтогу майып болгондуктан өз алдынча баса албайт. Мындан улам облус башчысы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине майып араба берүү өтүнүчү менен кайрылган. Облус башчысы бүгүн Нурсултанга арабаны жана резервдик фондунан акчалай жардам тапшырды.

Белгилей кетсек, 3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата, 15-ноябрдан 15-декабрга чейин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга даректүү материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүүнүн бир айлыгын уюштуруу жөнүндө облус башчысынын буйругу чыккан.

Бир айлыктын алкагында жер жерлерде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү иш чаралары жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>