БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Ушул жылы дыйкандар 3,9 млрд сом насыя алышкан
07.07.2022 | 14:57
2022-жылы дыйкандар 3 миллиард 991,5 миллион сом насыя алышкан. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеме «Айыл чарбасын кредиттөө – 10» программасынын алкагында жалпы кредиттик портфел 4,9 млрд сомду түзгөнүн эске салат. Министрлер кабинети долбоордун алкагында банктардын пайыздык ставкаларын субсидиялайт. Быйыл бул максаттарга бюджеттен 520 миллион сом бөлүнгөн.
Алты коммерциялык банк менен кредиттик келишимдер түзүлдү:
«Айыл Банк» ААКсы 2 млрд 280 млн сом суммасында;
«РСК Банк» ААК – 1,9 млрд сом;
KICB — 300 млн сом;
«КБ Кыргызстан» ААК – 300 млн сом;
«Капитал Банк» ААК – 70 млн сом.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика