Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Куба” кармалды
24.09.2021 | 10:59
Ички иштер министрлигинин криминалдык кызматы алдамчылыкка шектелген жаранды кармады. Бул туурасында аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы ноябрь айында 1989-жылы туулган О.К. жабырлануучу У.Н.нын ишенимине кирип, жер тилкесин да, «Рено 340» үлгүсүндөгү унаасынын да ээлеп алган. Ошол бойдон из жашырган.
Милиция аны кармап, алдамчылык беренеси боюнча иш козголду. Анын уюшкан кылмыштуу топко мүчө экенин да таап чыгышкан.
Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом