Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Ушул жылдын 10-15-август күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, маданият күндөрүнүн алкагында бир катар кызматташуу жаатындагы жолугушуулар, кыргыз маданиятынын көөнөрбөс байлыгы болгон көчмөн элдин жашоосун чагылдырган маданий программалардан турат.

Ошондой эле, маданий күндөрдүн алкагында эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташуусунун 30 жылдыгына арналган бир катар иш- чараларга катышуу жана венгер элинин маданияты менен жакындан таанышуу максатында тарыхый — маданий жайларга зыярат кылуу сындуу бир катар программалар камтылат.

Белгилей кетсек, кыргыз делегациясын маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов баштап барат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Венгрия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>