Венгриянын окуу жайларына гранттык негизде кабыл алуу башталды

Венгриянын окуу жайларына гранттык негизде кабыл алуу башталды

2022-2024-жылдарга Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын алкагында 2023-2024-окуу жылында Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алууга сынактык тандоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Кыргызстандын жарандарына Венгриянын ЖОЖдорунда бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа, магистратура жана докторантура программалары боюнча венгр же англис тилдеринде окуу үчүн гранттар бөлүнөт. Кененирээк маалыматты министрликтин сайтынан билүүгө болот.

«Көңүл буруңуз, конкурстук сыноолорго каттоо жана катышуу акысыз негизде жүргүзүлөт. Башка агенттиктер аркылуу тапшырбаңыз жана алардын тапшыруу кызматтары үчүн акы төлөбөңүз», — деп билдирет министрлик.

Стипендиялык программага катышуу тууралуу суроолор боюнча иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 625 082, 621 519, 620 497 номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Ошондой эле, 2022-жылдын 1-декабрынан 2023-жылдын 13-январына чейин программага катышуу боюнча суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>