Ветинспекциянын жетекчиси жана жоопту кызматкерлери кармалды

Ветинспекциянын жетекчиси жана жоопту кызматкерлери кармалды

Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калысбек Жумаканов жана мекеменин бир нече жоопту кызматкери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, УКМКнын коррупцияга күрөшүү кызматы Жумаканов жетектеген мекемедеги коррупциялык схеманы аныкташкан.

Ага ылайык, аталган мекемеде ири мүйүздүү жана майда малга вакцина, биопрепараттарды сатып алууда акча каражаттары мыйзамсыз чыгарылып кеткен.

Кызматкерлер атайын малдын санын, дарылардын баасын кымбат көрсөтүшүп,  мамлекет үчүн пайдасыз келишимдерди түзүшкөн. Ошондой эле, мамлекеттик сатып алуулар боюнча өткөрүлө турган тендерлерге башка компаниялардын катышуусуна тоскоолдук жаратышкан.

Эсеп палатасынын аудитинин жыйынтыгына ылайык, ири мүйүздүү малга бруцеллёзго каршы вакцина алуу боюнча бир гана фактыда мамлекетке 31 миллион сом чыгым келтирилген.

Бул фактылар боюнча Жазык кодексинин 98-беренесинин (“Конфискациялоодо келтирилген зыяндын ордун толтуруу”)  негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган адамдар УКМКнын төргөө абагына камакка алынышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>