Энергетика министри Токтогул ГЭСинин кышка даярдыгы менен тааныштыБаткендиктер Садыр Жапаровго суу жана акыйкат сот маселелери боюнча даттаныштыЫсык-Көлдөн синтетикалык торлор жана таштандылар чыгарылдыПрезидент ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоо жөнүндөгү жарлыкка кол койду12-октябрь: күндүз Кыргызстандын басымдуу бөлүгүндө жаан жаашы күтүлөтОш облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияланды
Милициялар далил катары алынган баңгизаттын бир тобун кымырып алышкан
25.05.2022 | 19:27
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, милиция кызматкерлери кылмыш ишине карата далил зат катары алынган баңгизатты уурдап алышкандыгы аныкталган. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук милициянын айрым кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланып, кылмыш иши боюнча далил зат катары алынган жалпы салмагы 834 грамм баңгизаттан (каннабис чайыры) 174 граммды уурдап алышкан.
Бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси (Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар