Ысык-Көлдө кар көчкүдөн өтө албай калгандар куткарылды — видео

Ысык-Көлдө кар көчкүдөн өтө албай калгандар куткарылды — видео

Ысык-Көл обулсунда кар күрткүсүндө калган 8 жаран жылынуучу жайга жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-апрелде Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкүсү түшүп, 3 унаа тыгылып калган.

Кар көчкү түшкөн унаа жолунда калып калган жарандардан кабар алуу, көзөмөл жүргүзүү үчүн ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник М.Карабаев, Ак-Суу району боюнча өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн башчысы, подполковник Б.Асанов жана улук офицер, лейтенант А.Нуржадыев барышкан.

Кар күрткүсүндө тыгылып калган 3 унааны, 8 жаранды 82-чакырымда уюштурулган жылынуучу жайга жеткиришкен. Ал эми 1 унааны 4 адамы менен артка кайтарышкан.

Кар аралаш бурганакка карабастан, учурда жолчулардын аракети менен Каракол – Эңилчек унаа жолу бир тараптуу ачылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>