Видео: Астанада кыргызстандык команда катышкан футболдук мелдеште мушташ чыкты

Видео: Астанада кыргызстандык команда катышкан футболдук мелдеште мушташ чыкты

Кыргызстандык Top Team (кызыл кийимчен) командасы катышкан Астанадагы медиафутболдук мелдеште массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазды.

Маалым болгондой, аталган мелдеште россиялык 2DROTS менен Top Team командалары ойногон. Оюндун 67-мүнөтүндө (эсеп 0:0) Top Team’дин оюнчусу эреже бузуп, 2DROTS командасынын футболчусун чалган. Андан кийин командалар ортосунда чыр чыгып, ошол учурда Top Team’дин дарбазачысы каршылаш командадагы оюнчуну бетке уруп калган. Андан кийин эки команданын оюнчуларынын ортосунда массалык мушташ чыккан.

Мушташ токтотулгандан кийин Top Team’дин үч оюнчусуна жана 2DROTS командасынын бир футболчусуна кызыл айып кагазы көрсөтүлүп, оюндан чыгарылган.

Андан соң Top Team оюнду улантуудан баш тартып, аларга техникалык жеңилүү берилген – 0:3.  Аны менен бирге аталган команда мелдештен четтеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>