Видео: «Коррупцияга каршы элдик кыймылдын» директору кармалды

Видео: «Коррупцияга каршы элдик кыймылдын» директору кармалды

«Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, ал Кылмыш кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча шектүү катары кармалган. Коомдук бирикменин 61 жаштагы К.А.С. аттуу директору ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Белгилүү болгондой, К.А.С. Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагынын К.А.Ш. аттуу башчысынын каржы ишмердигин текшерүү үчүн Кемин райондук милицияга арыз жазган. Текшерүүнү токтотуу үчүн айыл башчыдан пара талап кылган.

«Буга чейин К.А.С. аталган коомдук бирикменинин макамын колдонуп, укук коргоо органдарында тааныштары бар экенин айтып, мамлекеттик мекеме жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жана башка аны кызыктырган маалыматтарды сурап турган. Анын талаптарын аткаруудан баш тарткандарды, алардын ишмердигин текшертүү менен коркутуп, прокуратура жана эсеп палатасына арыз жазуу жолу менен акча каражаттарын опузалап жүргөн», — деп билдирет УКМК.

УКМКдан белгилешкендей, андан тышкары буйрутма аткаруучу уюмдарга (подрядчы) кызматташууну сунуштап, тендерлерде утарын убадалап, ал үчүн жарыяланган сынактын суммасынан 10%ын талап кылган. Эгер баш тартса, алардын уюмун текшертүүгө аракет кылам деп коркуткан. К.А.С.дын бул аракеттери мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле жеке уюмдардын жетекчилеринин нааразычылыгын жараткан.

Азыркы учурда К.А.С. УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>