Спортчуларга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды — сүрөт

Спортчуларга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды — сүрөт

Кечээ, 4-февралда, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда 2022-жылдагы жетишкендиктери үчүн спортчуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоо сөзүндө Министрлер кабинетинин башчысы президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун окуп, 2022-жылы кыргызстандыктар эл аралык аренада спорттогу чоң ийгиликтерге жетишкендигин белгиледи.

«2022-жыл кыргыз спорту үчүн ийгиликтердин жана жеңиштердин жылы болду десем жаңылышпайм. Мамлекет спорт тармагын колдоого жана каржылоого бардык күч-аракетин жумшады. Биздин сыймыктуу жана кайраттуу спортчуларыбыздын жеңишке жетүүдөгү майтарылбас эрки жалпыбыз үчүн бир гана алга умтулууга стимул болуп калды», — деген Жапаров, улуттук команданын жетишкендиктери дүйнөлүк спорттун тарыхында өз изин калтыргандыгын кошумчалады.

Жапаров Белград шаарында (Сербия Республикасы) өткөн дүйнө чемпионатында спортчуларыбыздын жетишкендиктерин белгилеп, 2022-жылы биздин спортчубуз Жоламан Шаршенбеков жылдын мыкты спортчусу деп табылгандыгын айтты.

Акылбек Жапаров спортчулардын машыктыруучуларынын эмгеги тууралуу сөз кылды.

«Сиздердин эмгегиңиздер эч качан унутулбайт. Спорт тармагындагы жетишкендиктер өлкөбүздүн ырааттуу түрдө өнүгүп жаткандыгын гана далилдейт. Жана бул чек эмес. 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында үмүттү актайсыздар деп терең ишенем», — деп Жапаров, спорт тармагынын өкүлдөрүнө алдыдагы мелдештердеги чоң жеңиштерди жана ийгиликтерди каалады.

Андан соң мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>