Бишкектин Ленин райондук милициясы шаардагы №44 мектепте чоң класстын окуучусу өзүнөн кичүү балдарда уруп жатканы тартылган видео боюнча үн катты.
Маалым болгондой, аталган видео боюнча териштирүү жүргүзүлүп, мектептин жетекчилиги, балдардын ата-энелери милицияга чакырылган.
Териштирүүдө аныкталгандай, видеодо балдарды уруп жаткан 9-класстын окуучусу А.Б. мектептин президенти болгон. Ал 8-класстын балдары тамеки чегип жатканын көрүп, аларды «тарбиялап» коюуну чечип, ар бирин бетке чаап чыккан. Бул тууралуу ал ата-энесинин көзүнчө айтып берген.
Ошондой эле бул окуя боюнча 8-класстын үч окуучусу суралып, алар мектептин президенти айткандарды ырастаган.
8-класстын окуучуларынын ата-энелери берки баланын үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан.
Окуяга катышкан балдардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Эми өзүнөн кичүү балдарды урган окуучунун ата-энесине Укук бузуулар кодексинин 102-беренесине (ата-энелик милдеттерден качуу) ылайык чара көрүлөт. Ал берене боюнча 1 миң сом айыппул жазасы каралган.