Ошто «Заманбап» фестивалына катышкан окуучулар сыйланды

Ошто «Заманбап» фестивалына катышкан окуучулар сыйланды

Кечээ, 3-апрелде, Ош облустук милициясында Баткенде болуп өткөн «Заманбап» фестивалына Ош облусунун атынан барып катышкан окуучулар менен аларды даярдаган  мугалимдерди сыйлоо аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

«Заманбап» фестивалы 25-26-март күндөрү Баткен облусунда SAFEWORLD эл аралык уюму жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

Иш-чаранын максаты жаш өсүпүрүмдөрдү коомдук иш-чараларга активдүү катышууга үндөө, жаштардын бүгүнкү күнүнө жана келечегине улуу муундан үмүт арттырып, өлкө келечеги үчүн жоопкерчиликтүү мамиле жасоого багыт берүү болуп саналат.

Облустук милициянын жетекчиси Жеңиш Жоробеков  аталган фестивалда өз өнөрлөрүн тартуулоо менен көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, алкышка арзыган окуучуларды жетишкендиктери менен куттуктаган.

«Урматтуу мугалимдер, жаштарга билим берүүдөгү, туура жол көрсөтүүдөгү жооптуу жана түйшүктүү кызматыңыздарда сиздер жалгыз эмессиздер. «Беш манжа бөлөк, билек бир, баарыбыз башка тилек бир» дегендей  мугалимдер, укук коргоо органдары жана коомчулук жаштарга татыктуу билим, тарбия жана туура багыт берүү аркылуу мамлекетке ак ниет менен кызмат кылган, элдин керегине жараган, келечекке жоопкерчиликтүү көз караш менен караган мекенчил жаштарды тарбиялоо-жалпыбыздын милдетибиз» — деди Жоробеков.

Өз кезегинде сыйлык ээси болгон Ноокат районундагы М. Нурматов атындагы орто мектебинин мугалими Гүлшаир Абилова, жаштарды коомдук иш-чараларга тартуу өтө зарыл экендигин, иштерге катышуу менен жаштар терс адаттардан оолак болуп, өмүр жолунда туура жолун тандап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтып өткөн.

Ал эми, Кара-Суу районундагы №101 К. Момбекова атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Айсезим Рахманалиева, акыркы убактарда жаштарды туура жолго багыттоодо уюштурулуп жаткан иш-чараларга активдүү катышуу менен милициянын аткарып жаткан жумуштарын баалаганын, алардын аракетиндеги чыныгы камкордукту сезип жатканын, сый-урматка бөлөнгөн жылуу сезимдер пайда болгонун баса белгилеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>