Видео: Жаранга жардам бербей кетип калган милиционерлерге иш козголду

Видео: Жаранга жардам бербей кетип калган милиционерлерге иш козголду

Нарын шаардык милициясынын кызматкерлерине кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу (шалаакы аракетсиздик) фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, 14-мартта УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына З.К. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнгөн. Ал арызында билдиргендей, 9-мартта Нарын шаарындагы оюн-зоок мекемелеринин биринде аны белгисиз адамдар эч себепсиз эле кемсинтип, сөгүп, бөтөлкө менен уруп, ден соолугуна зыян келтирүүгө аракет кылышкан. Бул боюнча жабырлануучу «102» кызматына телефон чалган. Бирок окуя жерине келген милиция кызматкерлери шалаакылык мамиле кылып, эч кандай мыйзамдуу чараларды көрбөй окуя болгон жерден кетип калышкан.

«Мекеменин көзөмөл камераларынан алынган видеоматериалдарга караганда, милиция кызматкерлери арыз ээсинин жүйөлөрүнө чындап эле тийиштүү аракет кылбаганы, андан тышкары кылмыш чөйрөсүнө жакын адамдардын аны шылдыңдап, кол салуусуна жол берип, муну менен анын конституциялык укуктары бузулган. Белгилей кетсек, ушундай окуялар ички иштер органдарында мурда да (Нарын облусунун Кочкор РИИБ жана Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБ) болгон», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>