Викрам Рузахунов боюнча спикер үн катты

Викрам Рузахунов боюнча спикер үн катты

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовдун Викрам Рузахунов боюнча пикирин билдиргинен парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Мекендешибиз, музыкант Викрам Рузахуновго коңшу өлкөдөгү башаламандыкка байланыштуу, олуттуу айыптар тагылып жаткандыгы баарыбызды бушайман кылууда. Өнөр адамы, таланттуу мекендешибизге байланышкан айыптоо иши тыкыр иликтөөнү талап кылат. Биздин тиешелүү органдар аталган маселени коңшу өлкөнүн компетенттүү органдары менен бирге изилдеп, адилет чечим чыгарат деген ишеничтемин. Жогорку Кеңештин депутаттары аталган окуяга көз салып, акыйкат чечилишин көзөмөлдөп турабыз. Биз эзелтен эриш-аркак жашаган, канатташ казак эли менен бир туугандык, достук мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдарбыз жана алакаларыбызга көлөкө түшүрчү көрүнүштөргө бирге каршы турабыз», — деп жазылат билдирүүдө.

9-январда Казакстандын «Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы» телеканалы башаламандыкка катыштыгы бар деп кармалган, кыргызстандык делген адамдын видеосун таратып,  аны 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге барганын айткан. Бул маалымат Кыргызстанда нааразылык жаратып, Бишкекте Казакстандын элчилигинин алдында пикетке чыгышкан.

Ташиев: Биз жарандарыбызды кыйынчылыкка таштабайбыз — видео

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>