Western Union аркылуу Кыргызстанга акча которуулар кескин кыскарды

Western Union аркылуу Кыргызстанга акча которуулар кескин кыскарды

Western Union аркылуу Кыргызстанга акча которуулар 2022-жылдын экинчи кварталында кескин кыскарды. Мындан тышкары, өлкө боюнча которуулардын санында да, түшкөн суммада да азайгандыгы белгиленген.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын январь айынан июнь айына чейин Western Union системасы аркылуу Кыргызстанга 16 миллиард 891,5 миллион сомдук 1 миллион 360,2 миң которуу жөнөтүлгөн. Бирок бул сумманын 89,2%ы Кыргызстан биринчи кварталында алган.

Western Union Украинадагы кырдаалга байланыштуу ушул жылдын 24-мартында Орусия менен Беларуста ишин токтоткондон кийин, бул система аркылуу келген которуулар кескин кыскарган. Трансферттердин саны 2022-жылдын биринчи кварталында 22,3 эсеге жана 2021-жылдын экинчи кварталында 26 эсеге (1 млн 527,1 миң трансферттен 58,4 миңге чейин) азайган.

Кошумчалай кетсек, эгерде 2021-жылдын апрель-июнь айларында Western Union акча которуу системалары аркылуу алынган бардык акчанын 33,5%ын түзсө, үстүбүздөгү жылдын ушул мезгилинде алардын үлүшү 2,23%дан ашпайт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>