WhatsApp 1-марттан баштап эскирген гаджеттерде иштебей калат

WhatsApp 1-марттан баштап эскирген гаджеттерде иштебей калат

WhatsApp 1-марттан баштап эскирген гаджеттерде иштебей калат. Бул тууралуу REDPOST «iTechua.com» сайтына шилтеме берүү менен билдирди.

Март айынан баштап бул кызмат Android 4.4 KitKat жана iOS 10 операциялык системалары менен иштеген мобилдик түзүлүштөрдүн бардык моделдеринде, ошондой эле башка дагы эскирген моделдеринде ишин токтотот. Мобилдик түзүлүшкө канчалык эскирген программалык камсыздоо орнотулган болсо, анын WhatsAppка кирбей калуу ыктымалдыгы ошончолук жогору.

Иштеп чыгуучулар мындан ары эски операциялык системаларга техникалык колдоо көрсөтпөйт. Бул алдыга умтулуу, техникалык прогресстен артта калбоо менен шартталган. WhatsApp туура иштеши үчүн Android 5.0 Lollipop жана iOS 11 операциялык системаларынын минималдуу версияларын орнотуу керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>