Салкын Сарногоева маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Салкын Сарногоева маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Мындай чечимди Министрлер кабинетинин төрагасы кабыл алганын Маданият министрлиги билдирди.
Жаңы дайындалган орун басарды эмгек жамаатка Минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов тааныштырган.
Салкын Сарногоева 1974-жылы туулган. Ал Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «Финансы жана кредит» адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1995-жылы «Банковский вестник» журналында компьютердик терүү оператору болуп баштап, кийин «Банкир» гезитинде кабарчы, «Токтом» маалымат борборунда офис-менеджер жана сатуу боюнча адис болуп иштеген.
Мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгү 2006-жылы башталган. Ал Экономика жана өнөр жай министрлигинде, Экономикалык өнүгүү министрлигинде, Энергетика жана өнөр жай министрлигинде маалыматтык саясат, инвестициялык өнүгүү багыттарында жооптуу кызматтарды аркалаган.
2015-жылдан тарта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түзүмүндө иштей баштаган. ММК жана маалымат департаментинин директорунун орун басары, кийин аталган департаменттин директору кызматтарында эмгектенген. 2021-жылдан бери Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Маалымат башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.
Эске салсак, маданият министринин буга чейинки орун басары Марат Тагаев кызматынан өз арызынын негизинде бошотулуп, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы Кыргызстандын өкүлү болуп дайындалган.