Чет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды
Япония медициналык жабдуулар үчүн 7,6 млн доллар грант берет
10.02.2023 | 09:55
Финансы министри Алмаз Бакетаев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлү Кавамото Хироюки “Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык жабдууларын жакшыртуу” долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Япония өкмөтү 7,6 миллион долларга чейин грант (акысыз жардам) берет.
Долбоордун максаты – медициналык жабдуулар менен камсыздоо аркылуу диагностикалык потенциалды күчөтүү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз