Новосибирсктеги газдын жарылуусу: Эки кыргызстандык жабыркады

Новосибирсктеги газдын жарылуусу: Эки кыргызстандык жабыркады

Россиянын Новосибирск шаарында 9-февралда эртең менен көп кабаттуу үйдөгү газдын жарылуусунан эки кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыктан 29 жаштагы Т.А. уулу жана 44 жаштагы А.А.К. (аял киши) аттуу жарандар жабыркаган. Алар газ жарылган үйдө батир алып жашаган.

Т.А. уулу иске ууланган. Ал №34 оорукананын токсикология бөлүмүнө жаткырылган, абалы орто оор деп бааланууда.

Ал эми А.А.К.нын омуртка сөөгү сынып Новосибирсктеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө институтуна жаткырылган. Ага операция жасалары пландалган.

9-февраль саат 18:00го карата каза болгон кыргызстандык жарандар тууралуу маалымат түшкөн эмес.

Новосибирсктеги башкы консул Айбек Айдарбеков 9-февралда А.А.К. жаткан ооруканага барып, андан кабар алып келген. Ошондой эле, аны караган дарыгер менен дарылануу маселелерин сүйлөшкөн.

Башкы консулдуктун кызматкерлери окуя жеринде да болуп, Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Тергөө комитетинин кызматкерлери менен сүйлөшүү жүргүзгөн.

Башкы консулдук аталган маселе козөмөлүндө экенин билдирет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>