Күйөөгө чыкканча билип алсын. Аялга кол көтөргөн эркектердин тизмесин түзүү сунушталды

Күйөөгө чыкканча билип алсын. Аялга кол көтөргөн эркектердин тизмесин түзүү сунушталды

Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн эркектердин тизмесин түзүп, ачыктоону сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, Ички иштер министри мындай жарандардын тизмесин никени каттоочу органдарга өткөрүп берсе болот.

«Кыздар, аялдар турмушка чыгаардан мурда, ал кишинин ким экенин билип алышы керек. Балким ал буга чейин бирөөгө кол көтөрүп, үй-бүлөлүк зомбулукка барган. Мындай маалымат жабык болбошу шарт», — дейт Дастан Бекешев.

ИИМдин маалыматында, 2023-жылдын 8 айында өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 миң 502 арыз түшкөн.

Парламентте “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат.

Мыйзам актыларына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

— жабырлануучу аял тосмо арыз жазса дагы, кылмыш иши токтобойт

— 154-берененин 1-бөлүгү жана 155-берененин 1-бөлүгү боюнча элдешүү мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат;

— психологиялык жана экономикалык (жумушка орношуусуна, иштеп акча табышына жол бербейт, каржылык жактан кысым кылат) зомбулук, ошондой эле куугунтук кылмыш катары каралат;

— үй-бүлөлүк зомбулукту көрүп жаткан жашы жете элек балдар жабырлануучу катары таанылат;

— анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча кылмыш иштери жабырлануучунун эркине жана каалоосуна карабастан козголот;

— үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча кылмыш иштери автоматтык түрдө козголуп, жабырлануучу тараптын арызы милдеттүү эмес болуп калат;

— укук коргоо органдарынын жана соттордун зомбулук кылган адамдарды кармоого көбүрөөк негиз болот;

— үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган жарандарга карата түзөтүү программалары киргизилет;

— үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн жарандар 7 суткага чейин камакка алынышы мүмкүн;

— кылмыш ишин тергөө учурунда жабырлануучулардын укуктары кеңейтилет;

— эгерде үй-бүлөлүк зомбулук аныкталса, милиция кызматкерлери убактылуу коргоо ордерин бериши керек болот;

— арыз менен үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар гана эмес, башка адам да кайрыла алат;

— убактылуу коргоо ордерин берүү мөөнөтү 3 күндөн 30 күнгө чейин узартылат;

— тергөө учурунда зордук-зомбулук көрсөткөн жарандар үйлөрүн таштап кетүүгө милдеттүү болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>