Үч адамдын өлтүрүлүшү: Шектүү 15 жыл күч түзүмдө иштеген, – УКМК

17.02.2023 | 13:55

Бишкектин 5-кичирайонунда 16-февралда үч адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран мурда УКМКда иштеген. Бул маалыматты УКМК тастыктады.

Маалыматка караганда, адам өлтүрүүгө шектелип кармалган 36 жаштагы А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн.

“Белгилүү болгондой, Мамлекеттик күзөт кызматы 2010-жылдан кийин жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы А.Ч.К. эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган”, – деп билдиришти УКМКдан.

Эскерте кетсек, 16-февралда Бишкектин 5-кичирайонунда аял киши уул-кызы менен киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары 17-февралда 36 жаштагы А.Ч. аттуу жаран кармалган. Шектүү кармалгандан кийин, ал тууралуу айрым маалыматтар ачыкка чыккан. Кийинчерээк бул окуянын видеосу социалдык тармактарда тараган.

Үрөй учурган окуя. Бишкекте бир үйдөн үч кишини өлтүрүп кетишти

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top