Бишкектеги үч адамдын өлтүрүлүшү: Милиция чоо-жайын айтты

Бишкектеги үч адамдын өлтүрүлүшү: Милиция чоо-жайын айтты

Бишкек шаарындагы 5-кичирайондо оор кылмышты жасоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 16-февралда Бишкек шаарынын 5-кичирайонунда адам өлтүрүү фактысы болгон. Окуя болгон жерге Бишкек шаардык жана Октябрь райондук милициясынын тергөө ыкчам тобу барып, кароо жүргүзүлгөн. Аталган даректе энеси, кызы жана уулунун денесине оор залалдар келтирилген жансыз денеси табылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

«Тергөө ыкчам тобу тарабынан толук кароо жүргүзүлүп, анда адамдардын кол тактары, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну, 1986-жылы туулган Ч.А. кармалган.

Учурда ал Октябрь райондук милициясына жеткирилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

«Азыркы убакта бул факт боюнча ар тараптуу, толук кандуу, объективдүү териштирүү иштери колго алынып, тийиштүү экспертизалары дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралар жүрүүдө», – деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, 16-февралда 5-кичирайондо бир үй-бүлөдө үч адам киши колдуу болгон. Алардын бири 1972-жылы төрөлгөн аял, экинчиси 2005-жылы туулган кыз жана үчүнчүсү кичинекей бала.

Үрөй учурган окуя. Бишкекте бир үйдөн үч кишини өлтүрүп кетишти

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>