Үч адамдын өлтүрүлүшү: Шектүү 15 жыл күч түзүмдө иштеген, — УКМК

Үч адамдын өлтүрүлүшү: Шектүү 15 жыл күч түзүмдө иштеген, — УКМК

Бишкектин 5-кичирайонунда 16-февралда үч адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран мурда УКМКда иштеген. Бул маалыматты УКМК тастыктады.

Маалыматка караганда, адам өлтүрүүгө шектелип кармалган 36 жаштагы А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн.

«Белгилүү болгондой, Мамлекеттик күзөт кызматы 2010-жылдан кийин жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы А.Ч.К. эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган», — деп билдиришти УКМКдан.

Эскерте кетсек, 16-февралда Бишкектин 5-кичирайонунда аял киши уул-кызы менен киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары 17-февралда 36 жаштагы А.Ч. аттуу жаран кармалган. Шектүү кармалгандан кийин, ал тууралуу айрым маалыматтар ачыкка чыккан. Кийинчерээк бул окуянын видеосу социалдык тармактарда тараган.

Бишкектеги үч адамдын өлтүрүлүшү: Окуянын видеосу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>