Үч адамдын өлүмү: Сот айыпталуучу Ашыралиевди өмүр бою эркинен ажыратты (видео)

Үч адамдын өлүмү: Сот айыпталуучу Ашыралиевди өмүр бою эркинен ажыратты (видео)

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиевге өкүм чыкты.

Сот Надырбек Токтосунов Ашыралиевди күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты. Ошондой эле соттун өкүмү менен анын мүлкү конфискациялоого жатат.

Андан тышкары сот Ашыралиевди жабырлануучу тарапка 671 миң сом материалдык чыгым жана 3 млн сом моралдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирди.

Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял, уул-кызы менен (51 жаштагы аял, 2005-жылы туулган кыз жана 2014-жылы туулган бала) киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталган. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>