Үч адамдын өмүрүн алган кырсык. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Үч адамдын өмүрүн алган кырсык. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Бишкекте 31-январда айдоочу Милициянын кайгуул кызматкерлеринен качып, үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы болгон окуя боюнча кылмыш иши козголуп, эки адам шектүү катары кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, аталган эки киши унаа уурдоо, адам уурдоо жана жол кыймылынын жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу жана этиятсыздык менен өзгөчө оор залал келтирген кылмышка шектелүүдө.

Маалым болгондой, окуя 31-январь күнү эртең менен болгон. Саат 06:00дөр чамасында Тоголок Молдо көчөсүндө белгисиз 4 адам «Субару» унаасынын Т.Б. аттуу ээсинин денесине залал келтирип, андан кийин күчтөп унаага отургузуп, белгисиз тарапка алып кетүүгө аракет кылышкан. Ошол учурда кызмат өтөп жүргөн Милициянын кайгуул күзөт кызматынын инспекторлору аларды байкап калып, шектенүүлөрү болгондуктан унааны токтотууну суранышкан. Бирок айдоочу милиция кызматкерлеринин талаптарын аткарбай, кыймылын уланткан. Буга байланыштуу кайгуул кызматкерлери унаанын артынан түшкөн.

«Милиция кызматкерлеринен качууга аракет кылган айдоочу унааны башкара албай, Төмөнкү Ала-Арчада даракты сүзүп өтүп, темир бетон тосмого урунган. Инспекторлор жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматын чакырышкан. Жол унаа кырсыгынын натыйжасында үч адам каза болуп, экөө ооруканага жаткырылган», — деп билдиришти милициядан.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө тергөөчүлөр окуянын чоо-жайын аныктап, каза болгондордун өздүгүн тактаган. Жол кырсыктан «Субару» унаасынын ээси 2000-жылы туулган Т.Б., 1995-жылы туулган И.А. жана 2005-жылы туулган У.М. каза болгон. Андан тышкары 2005-жылы туулган У.Н. (унааны башкарган айдоочу) жана 2003-жылы туулган Н.А. ооруканага жаткырылып, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Бул факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү (Жол кыймылынын коопсуздугунун жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу (этиятсыздык менен өзгөчө оор зыян келтирген) 165-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту (Адам уурдоо), 211-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Автотранспорт каражатын уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы фактылар боюнча У.Н. жана Н.А. аттуу кылмышка шектүүлөр Свердлов райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган.

Кылмыш ишинин алкагында бардык керектүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери уланууда.

Видео: Кайгуул кызматынан качкан унаа кырсыктап, үч адам каза болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>