Ысык-Көл облусунда пансионаттардын жээги тазаланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, президент С.Жапаровдун жарлыгынын негизинде суучулдар көлдү тазалоону жигердүү улантууда.
Азыркы тапта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы, Кара-Ой айылындагы муниципалдык жана жеке менчик пансионаттар тазаланууда.
Алар «Зето» , «Кейсар», «Каганат», «Ала-Тоо», «Солнечный Берег», «Алтын-Балалык» ден-соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борбору.
Жалпы 108 күн ичинде Ысык-Көлдүн 214 миңден ашуун гектар аянты тазаланып, суу астынан 97,200 метр балык уулоочу тор, 8575 кг таштанды чыгарылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз