Бишкектин «Кут» жаңы конушундагы 33 жаштагы аялдын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, анын мурдагы күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 7-пунктунун 2-бөлүгү «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренеси менен иш козгоду.
Керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Белгилей кетсек, 33 жаштагы, үч баланын энеси Р.А. 3-апрель күнү үйүндө бычактан алган жаракаттардан каза болду. Ал күйөөсү менен бир нече жыл мурда ажырашып кеткен.
Бишкекте үч баланын энеси мурдагы күйөөсү бычактап, каза тапты
Биздин Телеграм каналга катталыңыз