Үч телефон уурдоого шектелген жаран үч жылга соттолду. Чоо-жайы

Үч телефон уурдоого шектелген жаран үч жылга соттолду. Чоо-жайы

Бишкектин Свердлов райондук соту үч телефон уурдаган деп айыпталган жаранды үч жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун чечими 23-ноябрда act.sot.kg сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, соттун өкүмү быйыл 13-майда чыккан. Андан кийин ал чечимге апелляциялык даттануу берүү үчүн 30 күн каралган.

Айыпталуучу Ы.Ө. (аты-жөнү өзгөртүлдү) 35 жашта, мурда соттолгон. Ал Кылмыш кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча шектүү катары кармалып, быйыл 18-январда камакка алынган.

Соттун токтомунда айтылгандай, айыпталуучу быйыл 16-январь күнү «Эски толчок» базары жакта саат 14:20 чамасында Д.К. (аты өзгөртүлдү) аттуу жарандын курткасынын чөнтөгүнөн баасы 14 миң сомдук Xiaomi Redmi 6 Pro телефонун уурдап алган. Андан кийин телефонду Ош базарындагы «Беш-Сары» соода борборунда 2 миң сомго күрөөгө таштап кеткен. Ошондой эле, 16-январь күнү болжол менен саат 11:30да Ош базарынан Р.С. аттуу (аты өзгөртүлдү) кишинин 12,3 миң сомдук SAMSUNG GALAXY A12 телефонун уурдап кетип, аны 5 миң сомго күрөөгө койгон. Эки телефон тең Д.С. (аты өзгөртүлдү) аттуу жаранга күрөөгө калтырылган.

Андан тышкары, ал былтыр 28-ноябрда Дордой базарындагы соода контейнерлеринин биринен Б.С. (аты өзгөртүлдү) аттуу жарандын 1,2 миң долларлык (101,7 миң сом) iPhone 12 Pro Max телефонун уурдап кеткен. Шектүү уурулук кылган учурда анын жанында дагы бир адам болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө анын өздүгү аныкталган эмес. Уурулук жасалган учур контейнерде орнотулган камерага түшүп калган.

Сурак учурунда айыпталуучу Ы.Ө. күнөөсүн мойнуна албай турганын, кылмышты жасабаганын, бир жума мас болуп, ичип жүргөндүктөн Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери ишти ага илип койгонун билдирген. Ал телефонду уурдабаганын белгилеп, соттон актап берүүсүн суранган.

Ал эми Р.С. аттуу жабырлануучунун көрсөтмөсү боюнча, анын телефону 16-январда соода кылып жатканда белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Телефону кайтарылгандыктан, айыпталуучуга эч кандай доосу болгон эмес.

Б.С. аттуу жабырлануучунун көрсөтмөсүндө айтылгандай, 2021-жылдын 28-ноябрында анын 1,2 миң долларлык телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткен. Белгисиз эки адам контейнерге кирип, уюлдук телефонун уурдап кеткен учур видеого түшүп калган. Алар медициналык маскачан болгон, бирөө кара куртка кийип жүргөн. Тергөө убагында айыпталуучуну кара курткасынан тааныган: видеодо так ошондой куртка болгон. Ал соттон келтирилген материалдык зыянды өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Кылмыш иштин материалдарында көрсөтүлгөндөй, Д.С. атуу жаран (эки телефонду күрөөгө алган жаран) 16-январда тергөөчүгө SAMSUNG GALAXY A12 жана Xiaomi Redmi 6 Pro телефондорун өткөрүп берген. Ал айыпталуучу Ы.Ө. менен беттештирүү учурунда айыпталуучу телефондорду күрөөгө калтырып кеткенин ырастаган.

Сот айыпталуучунун (Ы.Ө.) күнөөсү жабырлануулардын көрсөтмөлөрү, беттештирүү протоколдору,  далил заттар жана башка кылмыш ишинин материалдары менен толук далилденип турат деп эсептеген.

«Айыпталуучу Ы.Ө. күнөөсүн мойнуна албастан берген көрсөтмөсүнө сот сын көз менен карайт жана ал кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында берген деп эсептейт, анын күнөөсү кылмыш ишинин материалдары менен толук далилденген», — деп айтылат токтомдо.

Соттун өкүмүнө ылайык, айыпталуучу жазаларды бири-бирине жарым жартылай кошуу жолу менен үч жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын катуу режимдеги түзөтүү абагында өтөө каралган. Жаза өтөө мөөнөтү кармалган күндөн, башкача айтканда 2022-жылдын 18-январынан тарта эсептөө белгиленген.

Ошондой эле, ал Б.С. аттуу жабырлануучуга келтирилген зыяндын (101,7 миң сом) ордун толтуруп берүүгө милдеттендирилген. Ал эми калган эки айыпталуучунун телефондору кайтарылган.

Айыпталуучуга жаза белгилөөдө сот, анын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жагдайлар катары жаштыгын, зыян жарым-жартылай өндүрүлгөнүн эске алганы айтылат.

Райондук соттун чечимине нааразы тарапка Бишкек шаардык сотуна даттануу үчүн 30 күндүк убакыт берилген.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>