Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
Үч жылда 25,7 миң жаран чет өлкөгө жумушка жөнөтүлдү
11.12.2023 | 16:07
Үч жылда 25,7 миң жаран чет өлкөгө жумушка жөнөтүлд. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова маалымат жыйынында билдирди.
«Эгерде 2021 – жылы чет өлкөлөрдө мыйзамдуу түрдө 0,7 миң адам жумушка орношсо, 2023-жылы 13 миң кыргызстандык ишке орношкон. Жалпысынан бул мезгилде 25,7 миңден ашуун жаранды социалдык кепилдиктер менен чет өлкөлөрдө иштөөгө жардам берди”, – деди ал.
Министр миграция маселесине кайрылып жаткан кыргызстандыктардын саны өсүп жатканын белгиледи.
«Арыз бергендердин саны 2021-жылдагы 28,2 миңден 2023-жылдын башынан бери 101,4 миңге чейин өстү. Үч жылдын ичинде 195 миң адам кеңештерди алган», – деди Баатырова.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом