Шылуунга алданып, 1,6 млн сомун берген аял батирден жок же акчадан жок калды

Шылуунга алданып, 1,6 млн сомун берген аял батирден жок же акчадан жок калды

Бишкекте аял кишиден чоң суммадагы акчаны алып, алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылы 31-мартта К.Т. аттуу жаран шаар тургунуна батир алууга көмөк көрсөтөм деп алдамчылык жолу менен 1 млн 620 миң сомун алган. Бирок убадасын аткарбай, акчаны өз кызыкчылыгына жумшап, алдап кеткен. Алданып калган Н.Н. аттуу аял быйыл 2-декабрда милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка шектүү катары 39 жаштагы К.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, 0(990) 05-50-77 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>