Садыр Жапаров Орусиянын аймактарына өнөр жай жана IT тармагындагы долбоорлорду сунуштадыӨзбекстан Борбордук Азиянын туристтик рыногунда сап башына чыкты — изилдөөТокмокто аялын жана балдарын сабоого шектелген жаран эки айга камалдыМинистрлик жарандарды жана туристтерди «Таш-Рабат» комплексине барбай турууга чакырдыМихаил Мишустин ЕӨАК жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келдиУлуттук банк айрым банктар накталай орус рублун албай жаткан жагдай боюнча түшүндүрмө берди
Үчөө тең мерт кеткен. Москвада аял эки баласы менен көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирди
11.10.2021 | 15:53
Москвада 34 жаштагы аял эки баласы менен көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирип кеткен. Жаракатынан баары өлгөн. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Балдарынын бири үч, экинчиси бир жашка чыга элек. Окуя Москванын Левобережная көчөсүндө болгон.
Батир ирээттүү жыйналган, бардык жерде балдар оюнчуктары бар. Маркумдун күйөөсү окуя болгон жерге жаңы эле келген. Ал шок абалда атын дагы айта албай жатат.
Тергөө комитетинин жана прокуратуранын өкүлдөрү жеринде иштеп жатышат.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар