Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Мыйзамсыз курал-жарак алып жүргөн киши кармалды
11.10.2021 | 15:34
Сузак районунун 28 жаштагы тургуну Т.Х. май айында Жалал-Абад шаарындагы Курорттун ат майданга материалга оролгон ок атуучу курал таап алып, катып койгон. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Сузактагы эски базардын ичинен 1 даана ПМ үлгүсүнө окшогон ок атуучу курал материалга оролгон абалда табылып алынган. Арадан бир-эки күн өтүп мурда жасаган кылмыштары үчүн райондук милиця тарабынан кармалып, убактылуу жайга киргизилген.
Учурда өз ыктыяры менен ок атуучу куралды тапшыраарын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом