20 000 сом айлык алган жаран соцфондго канча төгүп калат?

20 000 сом айлык алган жаран соцфондго канча төгүп калат?

20 000 сом айлык алган киши соцфондго канча төгүп калат? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаевага берди.

Жуматаева иш берүүчү төлөй турчу каражаттарды эсептеп берүүнү туура деп тапты.

“Эгерде 20000 сом айлык алган жаран үчүн ишканалар ушул тапта социалдык фондго 3400 сом төлөйт. Биз учурда жаңы эрежени киргизип жатабыз, эгерде, ишканалар 15 кишиден ашык кишиге салык төлөй турган болсо, 400 сомдон төлөп калат.  Ал эми  15  жумушчуга жетпегендер  3400 сом соцфондго төлөйт. Муну менен ишканаларды кызыгуусун арттырып көмүскөдөн чыгуунун жолу катары көрүүдөбүз” – деди Жуматаева.

Социалдык фонд жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ага ылайык, ишканада 15 кишиден ашык кишиге соцфондго акча төгүлө турган болсо ар бирине 400 сомдон төлөшү керек. Учурда 3400 сом. Бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитети ушул мыйзам долбоорун карап жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>