Үрөй учурган жол кырсыгынан өлгөндөр «Түндүкэлектрдин» кызматкерлери болгон

Үрөй учурган жол кырсыгынан өлгөндөр «Түндүкэлектрдин» кызматкерлери болгон

Кантка жакын жерде болгон жол кырсыкта “Түндүкэлектр” ААКнын үч кызматкери каза болду.

Reporter.kg’ге “Түндүкэлектрдин” коомчулук менен байланыш бөлүмү кызматкерлер Кемин районунун аймагында кызматтык унаа менен бара жатышканын билдирди.

«Кечээ алар Лебединовкада жайгашкан ишкананын башкы кеңсесине келип, жумушчу документтерин ташташкан. Керектүү иштерин бүтүрүп, жумуш күнү аяктагандан кийин үйлөрүнө — Кеминге кетишкен учурда кырсык болду», — деп маалымдады «Түндүкэлектр» ААК.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, «Түндүкэлектр» ишканасынын кызматкерлери бара жаткан УАЗ унаасын сүзгөн. УАЗ оодарылып, күйүп кеткен. Өрттөнүп жаткан унаадан 53 жаштагы айдоочу К.Т., ошондой эле ишкананын эки кызматкери 57 жаштагы А.К. жана 41 жаштагы А.К. жеринен каза болгон.

Дагы эки кызматкер жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Маалым болгондой, укук коргоо органдары унаанын айдоочусун кармашкан. Аны менен бирге салондо үч баласы болгон. Алардын баары тирүү, бирок жарадар.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>