Үйүнөн 20 телефон табылды. Телефон уурдап жүргөн шектүү кармалды

Үйүнөн 20 телефон табылды. Телефон уурдап жүргөн шектүү кармалды

Бишкекте телефон уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, 5-янврада Ленин райондук милицияга Ч.Н. аттуу жаран кайрылып, ошол күнү Ош базарындагы соода борборлорунун биринде белгисиз жаран баасы 23 миң сомдук Samsung Galaxy A 33 5G телефонун уурдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Б.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милициядан белгилешкендей, кылмыш ишинин алкагында шектүү жашаган үйдө тинтүү жүргүзүлүп, кылмыштык жол менен алынган ар түрдүү үлгүдөгү 20 телефон табылып алынган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(704) 433 666, 0(500) 254 644 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>