Үрөй учурган жол кырсык. Жумгал-Кочкор жолунан 3 киши мүрт кетти (ВИДЕО)

Үрөй учурган жол кырсык. Жумгал-Кочкор жолунан 3 киши мүрт кетти (ВИДЕО)

Жумгал-Кочкор унаа жолундагы авто кырсыктан 3 киши каза болду. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кочкор-Арал жолунун 95 чакырымында Субару Форестер үлгүсүндөгү унаа күн чыгыштан, күн батышты көздөй бара жаткан Камаз үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Натыйжада Субару Форестер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 28 жаштагы Н.у.Н., ошондой эле ушул унаадагы 2 жүргүнчү жеринен каза болгон. 34 жаштагы Б.Э. жана 29 жаштагы С.у.Ч. оор жаракаттан улам өзүнө келе албай мүрт кеткен.  Муну менен катар 34 жаштагы Б.Т. менен 35 жаштагы С.К. денелеринен жаракат алып, Жумгал райондук ооруканага жеткирилген.

Жарандык автивист Эртай Искаковдун телеграмм каналындагы видео.

Ал эми айрым маалыматтарга караганда, 12-декбарь күнү дал ушул жол кырсыганан соң Жумгал-Кочкор жолун эл жаап алганын айтышат. Анткени, жолдон ызгыган чаңдан унаалар көрүнбөй жол кырсыктары катталып жатканынан нааразы болушкан. Нааразылык акциянын бирден-бир себеби дал ушул үрөй учурган жол кырсыктарынын катталышы болгон.

 

Кочкор-Жумгал жолун эл жаап алды (ВИДЕО)

 

 

 

Кочкор-Жумгал жолу: Жол буугандарды милиция таратты

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>