Кочкор-Жумгал жолу: Жол буугандарды милиция таратты

Кочкор-Жумгал жолу: Жол буугандарды милиция таратты

Арал-Кочкор автожолун бууган элди жергиликтүү милиция жетекчиси жана акими түшүндүрүү иштерин жүргүзүп таратты. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  элге жолугушууга келген ишкана  “Түндүк-Түштүк альтернативдик коридоруна кирген Баш-Кууганды-Эпкин автожолун оңдоп түзөө иштерин жүргүзүп жаткан  жолду толугу менен тейлөөнү жана жолго суу сээп турууну, түртүп түздөп турууну үзгүлтүксүз колго алыша тургандыгын билдирди. Ал эми алардын жолду тейлөө боюнча ишмердүүлүгүн толугу менен көзөмөлгө алууну Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы алды. Ошондон кийин жергиликтүү жарандар тарап кетишкен.

Нааразы тарап  “Баш-Кууганды-Эпкин автожолунда тейлөө иштери тынымсыз жүргүзүлсүн, жолго тынымсыз суу сээп турушсун, жол жакшылап каралсын” деген негизги талаптар менен жолду жаап алышкан.

Милиция эч кандай мыйзам, тартип бузуу фактылары катталбаганын, саясий кырдаал туруктуу экенин билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>