Үстөк наркы 30 пайыздан ашпаш керек. Ташиев эми ломбарддарга эскертүү берди (видео)

Үстөк наркы 30 пайыздан ашпаш керек. Ташиев эми ломбарддарга эскертүү берди (видео)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өлкөдөгү ломбарддарды текшерет. Бул тууралуу бүгүн мекеменин жетекчиси Камчыбек Ташиев кезектеги имараттын ачылышында кызматкерлерине тапшырма берди.

Камчыбек Ташиевдин айтымында,  аталган тармак элди тоноо менен улуттук коопсуздукка коркунуч жаратууда.

«Чара колдонулбай, колдонулса дагы таасир бербей келе жаткан тармактардын бири — ломбард. Алардын үстөк пайызын карасаң төбө чачың тик турат. Көзү чачырап, айласы кеткен адам барып алардан акча алат. Алардын кардарлары маселесин чечмек түгүл кайра машинасынан, колундагы буюмунан айрылып жатат. Аялдар бар алтынын алып барып берип жатышат. Ломбард аркылуу дагы баягы эле сүткорлор байып жатат. Улуттук банк менен бул жаатты карайбыз. Банктардын насыяларынын үстөк пайызы 12-15 пайыздан, мейли 20дан ашпашы керек. Ломбарддар 100 пайыз коюп алышат. 30 пайыздан ашык алгандар жабылат», — деди Камчыбек Ташиев.

УКМКнын башчысы «Акча Булак», — 244, «Заман Финанс» — 267, «Элдик капитал» -260, «Достук» — 378, АБН -104 пайыз менен иш алып барарын айтты. «Бул не деген тоноо? Биз ушуну карап коюп олтурабыз», — деп кошумачалады ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>